Ссылки доступа

Өзбекстанда күч түзүм кызматкерлери жүрналисттин үйүндө тинтүү жүргүзүштү


Журналист Махмуд Ражаб.
Журналист Махмуд Ражаб.

Өзбекстанда күч түзүм кызматкерлери журналист жана акын Махмуд Ражабдын үйүндө тинтүү жүргүзүштү.

Махмуд Ражабдын айтымында, күч түзүм кызматкерлери анын үйүн эки саат тинтип, ноутбук жана смартфонун, CD/DVD-дисктерин, жана белгилүү оппозиционер Мухаммед Салихтин калемине таандык «Пайгамбарлардын баяны» китебин алып кетишкен.

– Болжолу 7-8 киши келди. Алар менин үйүмдөн диний-экстремисттик материалдарды издеп жатышканын айтышты. Китеп, ноутбук жана смартфондон тышкары Мухаммед Салихтин төрт сүрөтүн алып кетишти, – деди Махмуд Ражаб.

Махмуд Ражаб тинтүү мыйзамсыз жүргүзүлдү деп эсептегендиктен, протоколго кол койгон эмес.

Хорезм облустук ички иштер башкармалыгы тинтүүнүн себептерин түшүндүргөн жок. Журналист болсо бул эки ай мурун Түркиядан алып келген Мухаммед Салихтин китебине байланыштуу деп эсептейт.

Эки ай мурун Ташкент аэропортунда бажычылар Стамбулдан учуп келген журналист Махмуд Ражабдын уюлдук телефонун жана жанындагы оппозициячыл саясатчы Мухаммад Салихтин 26 китебин алып коюшкан.

Ага чейин Махмуд Ражаб өзбек президенти Шавкат Мирзиёевге кайрылып, Түркияда эмиграцияда жүргөн оппозиционер Мухаммед Салихтин өлкөгө кайтуусуна уруксат берүүнү сураган. 2018-жылы 29-майда Махмуд Ражаб жана дагы үч өзбекстандык Мухаммед Салихтин сүрөттөрүн интернетке жайгаштырганы үчүн прокуратурага суракка чакырылган.

XS
SM
MD
LG