Ссылки доступа

Тажикстанда парламенттик шайлоого даярдыктар башталды


Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Тажикстандагы саясий партиялар өлкө парламентинин төмөнкү палатасына шайлоого даярдык көрө баштагандыктарын билдиришти.

Өлкөнүн Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) бул маалыматты ырастап, жакынкы күндөрү бардык саясий партиялар 41 шайлоо аймагындагы өз байкоочуларынын тизмесин бере тургандыктарын билдирди.

Тажикстанда жаңы парламентти шайлоо 2020-жылдын башында өтөт. Бул шайлоого алгачкы жолу Ислам кайра жаралуу партиясы катышпайт. Ал 2015-жылкы шайлоодо беш пайыздык чектен өтө албай калган. Андан бир нече ай өткөндөн кийин партия террористтик деп табылып, анын өлкө аймагындагы ишмердүүлүгүнө тыюу салынган

13-майда Тажикстандын социалисттик партиясынын төрагасы Абдухалим Гаффоров БШКга байкоочуларынын тизмесин жөнөткөнүн билдирди. «Бул шайлоодо биздин байкоочулар добуштарды саноого да катыша ала турганы сүйүндүрүп жатат. Мурда бизде мындай мүмкүнчүлүктөр жок болчу. Бул шайлоо адилет, ачык жана мыйзам чегинде өтөрүнөн күмөнүм жок», — деди ал.

Тажикстандын демократиялык партиясынан добуш берүүнүн жүрүшүнө алардан 84 байкоочу көз сала турганын билдиришти.

Өздөрүн конструктивдүү оппозиция атап келген тажик социал-демократтарынын төрага орун басары Шокиржон Хакимов партия шайлоонун адилеттүү өтөрүнө ишенбей турганын билдирди.

​Бийликтеги Элдик-демократиялык партия алдыдагы парламенттик шайлоого даярдыгы тууралуу маалымат берүүдөн баш тартты.

Тажикстанда парламенттин төмөнкү палатасына шайлоо акыркы жолу 2015-жылы 1-мартта өткөн. БШКнын маалыматы боюнча анда бийликтеги Элдик-демократиялык партия шайлоочулардын 65,2 пайызынын добушун алып жеңишке жеткен.

Анда добуш берүү тилкелеринин 50 пайыздын ашыгына көз салган батыш байкоочулары шайлоого терс баа беришкен.

XS
SM
MD
LG