Ссылки доступа

Өзбекстанда психикалык жактан жабыркаган адам 15 жаштагы өспүрүмдү зордуктаган


Өзбекстандын Наманган облусундагы орто мектептин директору 12-майда алардын 8-класстагы окуучусу зордукталганын ырастады. Анын айтымында, зордуктоонун алдында кылмышкер баланы катуу сабаган.

«Азыр бала ооруканада. Аны менен жолуктум, денеси бүт көгала экен. Азыр мектептин психологу тиешелүү иштерди алып барууда. Укук коргоо органдары бул иш боюнча тергөө иштерин баштады. Кылмышкер кармалып, ага каршы иш ачылды. Ал буга чейин зордуктоо үчүн түрмөгө отуруп чыкканы белгилүү болду.», — деди директор.

Наманган облустук ички иштер башкармалыгынан 15 жаштагы өспүрүмдүн зордукталышы фактысы боюнча кылмыш иши козголгонун билдиришти.

Зордукталган баланын туугандарынын айтымында, кылмышкер баланы жумуш таап берем деп алдап алып кеткен. «Алгач ал баладан кыш тизгенди билесиңби, жумуш таап берем деп алдаган. Ээн жерге баргандан кийин аны зордуктоого аракет кылган. Бирок өспүрүм катуу каршылык көрсөтө баштагандыктан, аны катуу сабап салган», – деди туугандарынын бири.

Өспүрүм дарыланып жаткан оорукананын дарыгери анын денесинде көптөгөн гематома бар экенин, бирок алар баланын өмүрүнө коркунуч жаратпай турганын билдирди. Анын айтымында, зордуктоонун кесепеттерин аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындалган.

Өлкөнүн Башкы прокуратурасынын басма сөз кызматы өспүрүмдү зордуктаган адам психикалык жактан жабыркай турганын билдиришти.

XS
SM
MD
LG