Ссылки доступа

Түркия ТИМи элчи катышкан ооз ачардагы окуяга жооп берди


Түркиянын Кыргызстандагы элчилиги муфтият уюштурган ооз ачарга мурдагы «Себат» билим берүү мекемелеринин жетекчиси менен элчини чогуу чакырган окуя боюнча Тышкы иштер министрлигинин басма сөз өкүлү Хами Аксойдун билдирүүсүн таратты.

Анда 8-майда муфтият уюштурган ооз ачарга бул өлкөдөгү ФЕТӨ/FETO (Түркиянын бийлиги Фетхуллах Гүлендин кыймылын ушинтип атайт – ред.) башчыларынын чакырылганы кабыл алынгыс экени белгиленген. «Бул абалды байкаган Түркиянын Кыргызстандагы элчиси ага жараша мамиле кылган жана ал туура болгон», - деп жазылган билдирүүдө.

Женгиз Камил Фырат Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгына нааразы болгон видео 12-майда Интернетке тарады. Ал мурдагы «Себат», азыркы «Сапат» билим берүү мекемесин бир нече жыл башкарган Орхан Инанды менен чогуу ооз ачарга чакырганы үчүн муфтий Максатбек Токтомушев баш болгон кишилерди кекетип, «же Түркияны, же террорчу уюмду тандайсыңар» деп, ресторандан кетип калган. Дипломат Түркия Кыргызстанга 35 миллион долларга мечит салып бергенин да эске салган.

Муфтияттын басма сөз катчысы Максат Атабаев мындай окуя болгонун «Азаттыкка» ырастап, ооз ачарга адамдар бөлүнүп чакырылбай турганын билдирген.

Маалыматтарга караганда, муфтияттын ооз ачыруу дасторконуна Кыргызстандагы аттуу-баштуу адамдар, Жогорку Кеңештин депутаттары, элчилер чакырылган.

Мурдагы «Себат», учурдагы «Сапат» билим берүү мекемелери Кыргызстанда өз ишмердигин 1992-жылы баштаган. Түзүүчүсү - диниятчы Фетхуллах Гүленди түрк бийлиги өзүнө душман санайт. Анын кыймылын президент Режеп Тайып Эрдоган «террордук» деп таанууга чакырган.

XS
SM
MD
LG