Ссылки доступа

Тажик өкмөтү «Сангтуда-1» ГЭСинин акцияларын сатып ала баштады


Тажикстанда «Сангтуда-1» ачык акционердик коомунун акциялары калктан номиналдык баада сатылып алына баштады.

«Амонатбанктан» билдиришкендей, ар бир акция 10 долларга бааланууда. Сатып алуу 2021-жылга чейин уланат.

Тажик өкмөтү «Сангтуда-1» ГЭСинин калктын колундагы акцияларын сатып алуу чечимин 2018-жылдын аягында кабыл алган. Бул үчүн 10 млн. сомони (1 млн. доллардан ашык) бөлүнгөн.

1996-жылы «Сантгуда» ачык акционердик коомунун алгачкы акциялары чыгарылган, бир акциянын наркы 3 миң тажик рубли же 10 доллар турган. Баалуу кагаздар 500 миң долларга сатылганы кабарланган. Акча «Сангтуда-1» ГЭСинин курулушуна жумшалган.

«Сангтуда-1» ГЭСи – СССР тарагандан кийин постсоветтик аймакта курулган жана пайдаланууга берилген алгачкы гидроэлектростанция.

ГЭС 2005-2009-жылдар аралыгында салынган. Орусия инвестиция иретинде 16 миллиард рубль бөлгөн. ГЭСтин алгачкы гидроагрегаты 2008-жылы электр энергиясын чыгара баштаган.

Орусия компанияларынын «Сангтуда ГЭС-1» АККнын уставдык капиталындагы үлүшү 75%, Тажикстандыкы 25% түзөт.

XS
SM
MD
LG