Ссылки доступа

Ашхабад эмгек биржасы жумушсуздарды каттоого алуудан баш тартууда


Түркмөнстанда Социалдык коргоо министрлигинин алдындагы Ашхабад эмгек биржасы иш издеген жарандарга көмөк көрсөтүүдөн баш тартып, аларды каттоого албай жатат.

Бул тууралуу “Азаттыктын” түркмөн кызматынын биржага барган кабарчысы билдирди:

​"Бир киши каттоого алууну талап кылды, бирок кызматкер мындан майнап чыкпасын, эч кандай жардам болбосун билдирди. Негизи жумушсуздарга жөлөк пул берилиши керек. Кызматкер айым жогорудан көрсөтмө болгонун айтып, кишилерди атайлап эле каттоого алган жок”.

Түркмөнстан мыйзамдары боюнча мамлекет жарандардын иш менен камсыз болушуна көмөк көрсөтүүгө милдеттүү, каттоого алынган жумушсуз кишилер жөлөк пул алууга укуктуу.

Өлкөдө орточо айлык акы расмий курс боюнча 228, пенсия 72, майыптар үчүн жөлөк пул 100-200 долларды түзөт. Бала баккан энелер 40-90 доллар жөлөк пул алышат.

XS
SM
MD
LG