Ссылки доступа

Казакстанда мурдагы банкирдин камактагы мөөнөтү узартылды


Алматы шаарынын тергөө соту Орусиядан экстрадицияланган казакстандык мурдагы банкир Жомарт Ертаевдин абактагы мөөнөтүн узартты. Тергөө органдарынын өтүнүчү менен Ертаев 15-июнга чейин абакта болот.

RBK банкынын башчысынын мурдагы кеңешчиси Жомарт Ертаевди кылмыш жоопкерчилигине тартуу үчүн Орусиядан өткөрүп алышканын Башкы прокуратура 15-мартта кабарлаган. Ал ошондон бери тергөө абагында отурган.

Казакстанда Ертаев 2011-2017-жылдар аралыгында RBK банкынан 144 миллирд теңге (390 миллион доллар) уурдоого шектелүүдө. Прокуратура маалымдагандай, аны менен кошо 54 киши, анын ичинен 41 банк кызматкери айыпталууда. Шектүүлөрдүн арасында мурдагы премьер-министр, азыр президенттик администрациянын башчысы Бакытжан Сагинтаевдин күйөө баласы делген Бахыт Ибрагим дагы бар.

Расмий маалыматтарга караганда, тергөөнүн жүрүшүндө 15 миллиард теңгени кайтарууга мүмкүн болгон, 48 миллиард теңгеге бааланган мүлк камакка алынган. Тергөө аяктады.

2018-жылы күзүндо Орусия Жоомарт Ертаевди Казакстанга өткөрүп берүүдөн баш тартканы кабарланган. Бирок кийинчерээк Башкы прокуратура аны Казакстанга экстрадициялоого макул болгон. Бизнесмендин адвокаттары прокуратуранын бул чечимин жокко чыгарууга аракет жасашкан, бирок соттук инстанциялар чечимди “негиздүү” деп табышкан.

XS
SM
MD
LG