Ссылки доступа

Орусиядагы «фейк жаңылыктар» тууралуу мыйзам кандай иштейт? (жыйнак)


ММКлар бул маалыматтарды каалагандай колдоно алышат. Каалоочуларга видеотасмалардын түп нускасын да жиберебиз. Директ топтомунан дагы керек болгон видеолорду пайдалануу мүмкүнчүлүгү берилүүдө.

- Азия: Сотко нааразы болгон казакстандыктар Башкы прокуратуранын алдына чогулушту. Аларды имараттын ичине чакырганы менен башкы прокурор менен жолуга алышкан жок. Кыргызстанда УКМК башчысы кызматтан кетти, ал коррупцияга шектелүүдө. ЕБ Борбор Азия өлкөлөрү менен мамилени өнүктүрүү боюнча жаңы стратегия кабыл алды. (Настоящее время)

- «ЗИКСТО» заводунун жумушчулары бир нече айдан бери бериле элек маяналарын талап кылып чыгышты. (Казакстандан видео)

- Убадаланган теледебаттар. Казакстандын маалымат министри Даурен Абаев президенттикке талапкерлер теледебаттарда жолуга тургандыктарын билдирди. (Казакстандан видео)

- Түркмөнстандын Мары облусунун тургундары унга кезекке турушууда. (видео)​

- Мурдагы СССР өлкөлөрүндө орус тилинин макамы кандай өзгөрдү? (интерактивдик карта)

- Азия 360: Борбор азиялык цыгандардын жашоосу. (видео)​

- Бийлик сырлары. Мира Жангарачева: Бардык чиновниктер кетиши керек, бирок эч кимдин кеткиси жок. (Кыргызстандан видео)

- Казакстанда оппозиция барбы? (Казакстандан видео)

- Армения премьер-министри велосипед менен жүрөт, артында кортеж. (Настоящее время)​

- Нур-Султанда сотторго нааразы болгондор нааразылык акциясын өткөрүштү. (Казакстандан видео)

- Эмнеге Тажикстанда интернет дээрлик иштебейт? (Настоящее время)​

- Францияда Канн кинофестивалы ачылды (Настоящее время)​

- Нарын кымыз сезонуна даярданууда. (видео Директ)

- Ноокендик мигрант өз айылына бала бакча куруп берди. (Кыргызстандан видео)​

- «Фейк жаңылыктар» тууралуу мыйзам кандай иштейт? Орусияда «фейк жаңылыктар» боюнча алгачкы кылмыш иши козголду. Бул иште айыпталуучу катары Елена Калинина өтүүдө. Ал Москвадагы таштандылардын Приморьеге ташылышына каршы нааразылык акцияларды уюштургандардын бири болгон. Калинина акциянын анонсу жазылган билдирүүнү «Вконтакте» социалдык түйүнү аркылуу бөлүшкөндүгү үч айыпталууда. (видео Директ)

- Оогандык бозгун аял 20 жылдан бери тажик жарандыгын ала албай жүрөт. (видео)

- Дүйнөнү глобалдык интернет менен кантип камсыз кылууга болот? Илон Маск дүйнө жүзүн интернет менен камсыз кылышы керек болгон 60 спутниктин сүрөтүн жарыялады. Алар орбитага ушул жумада учурулат (Настоящее время)

- Былтыр дүйнөдөгү аскердик чыгымдар 1,822 триллион долларга жеткен. Бул 2017-жылга салыштырмалуу бул 2,6 пайызга көп. (инфографика)

- Ашхабада көчөлөрүндө кайрадан каралжын түстөгү автоунаалар пайда болду. (сүрөт баян)

- АКШнын Алабама штатында абортко тыюу салынды. (Настоящее время)

УРМАТТУУ КЕСИПТЕШТЕР! ТЕЛЕЖАҢЫЛЫК, КӨРСӨТҮҮ, САЙТ ҮЧҮН КӨЧҮРҮҮГӨ МҮМКҮН БОЛГОН, ЖЕТКИЛИКТҮҮ МИҢДЕГЕН АУДИО- ВИДЕОМАТЕРИАЛДАР МЕНЕН ТААНЫШЫП АЛЫҢЫЗДАР. АЙРЫМДАРЫНЫН ЛОГОТИБИ ЖОК.

XS
SM
MD
LG