Ссылки доступа

Өзбекстанда журналист Махмуд Ражабга каршы кылмыш иши козголду


Журналист Махмуд Ражаб.
Журналист Махмуд Ражаб.

Өзбекстанда журналист жана акын Махмуд Ражабга каршы кылмыш иши козголду. Бул тууралуу өлкөнүн Ички иштер министрлигинин коомчулук менен байланыш бөлүмү билдирди.

Мекемеден кабарлашкандай, кылмыш ишин ачууга 26-мартта Ташкент аэропортундагы текшерүү маалында журналисттин жанынан табылган 26 китеп жана анын уюлдук телефонундагы аудиолор себеп болгон.

«Мындан тышкары Ражабдын үйүндөгү тинтүү маалында уюлдук телефон, ноутбук, дисктер жана Түркияда басылып чыккан диний багыттагы «Пайгамбарлардын баяны» деген үч китеп алынган. Тинтүүдөн соң журналист протоколго кол коюудан баш тарткан», — деп жазылган ИИМдин билдирүүсүндө.

15-майда 56 жаштагы акын жана журналист Махмуд Ражаб ага каршы кылмыш иши козголгондугун интернеттен билгенин айтты. «Бүгүнкү күнгө чейин мага эч ким расмий түрдө айып таккан эмес. Алар менин адвокатым маалымат сурап кайрылганда дагы үн катышкан эмес. Эмнегедир мага каршы кылмыш иши козголгондугу тууралуу маалымат жашыруун сакталган. Бүгүн мен алардын толугу менен ойдон чыгарылып жазылган билдирүүсүн окуп чыктым», – деди Махмуд Ражаб.

Буга чейин журналист 22-25-март күндөрү Тбилисиде өткөн Европалык тилектештик борборунун семинарына катышып, Ташкентке Стамбул аркылуу учкандыктан, Түркияда жашап жүргөн өзбек акыны, оппозициялык «Эрк» партиясынын лидери Мухаммад Салих менен жолуга келгенин билдирген.

«Мухаммад Салихтин инилери менен тарапташтары анын китептерин ала келишимди өтүнүшкөн. Ошондуктан мен Стамбулга учаарда акын менен байланышып, анда 3-4 саат бош убактым болорун айткам. Ташкентке жалпысынан Салихтин 26 китебин алып баргам», — деген Махмуд Ражаб.

Бирок журналисттин айтымында, Ташкент аэпортундагы бажы кызматкерлери анын жанындагы бардык китептерди жана уюлдук телефонун алып коюшкан. 10-майда Ражабдын Хорезм облусундагы үйүндө тинтүү жүргүзүлгөн.

Хорезм облусундагы Янгибазар райондук ички иштер бөлүмүнөн билдиришкендей, учурда бул иш менен облустук Тергөө башкармалыгы алектенип жатканын билдиришти.

«Маърифат» («Агартуу») гезитинин кабарчысы болуп иштеп жүргөн Махмуд Ражабов 2018-жылы «Фейсбуктагы» баракчасына оппозициячыл саясатчы Мухаммад Салих менен түшкөн сүрөтүн жарыялагандан кийин иштен алынганын айтып келет.

XS
SM
MD
LG