Ссылки доступа

Эл аралык уюмдар Өзбекстанды эки укук коргоочуга карата куугунтукту токтотууга чакырышты


Дароо алты эл аралык укук коргоо уюму өзбек бийлигинен укук коргоочулар Агзам Тургунов менен Дилмурод Саидовго карата куугунтукту жана коркутуп-үркүтүүлөрдү токтотууну талап кылышты.

«Агзам Тургунов менен Дилмурод Саидовдун артынан дайыма атайын кызматтын өкүлдөрү аңдып, коркутуп-үркүтүп келишет. Мындан тышкары бийлик Агзам Тургуновдун укук коргоо уюмун каттоодон өткөрүүдөн баш тарткан», — деп жазылган Amnesty International, «Борбор Азиядагы адам укуктары» бирикмеси (AHRCA), Civil Rights Defenders (CRD), Адам укуктары боюнча эл аралык өнөктөштүк, Хельсинки комитети жана Адам укуктары боюнча Хельсинки фондунун биргелешкен билдирүүсүндө.

Эл аралык уюмдардын маалыматына караганда, быйыл 28-февралда Агзам Тургунов, Дилмурод Саидов жана мурдагы саясий туткун Азам Фармонов «Адилеттүүлүктү орнотуу» деген укук коргоо уюмун каттоодон өткөрүү үчүн арыз жазышкан. Бирок алардын бул өтүнүчү 29-мартта четке кагылган.

Мындан тышкары укук коргоочулар аларда былтыр күздөн бери эки укук коргоочунун артынан аңдуулар болуп жаткандыгы боюнча ишенимдүү далилдер бар экенин билдиришүүдө. Мартта атайын кызматтын өзүн тааныштырбаган өкүлү Тургуновду «автоунаа сүзүп кетиши мүмкүн экенин» айтып коркуткан. Саидовго болсо былтыр психиатралдык ооруканага жатырып кое тургандыктарын айтышкан.

«Биз жергиликтүү өнөктөштөрүбүздүн коркутуп-үркүтүүлөргө кабылып жатканына олуттуу мамиле кылабыз. Тургунов, Саидов өңдүү укук коргоочулардын ишмердүүлүгү учурдагы реформалар үчүн өтө маанилүү. Биз Ташкентти бардык укук коргоочуларды коркунуч катары эмес, өлкөдөгү адам укуктарын коргоодо өнөктөш катары кароого чакырабыз», — деп билдирди Хельсинки комитетинин Борбор Азия боюнча өкүлү Мариус Фоссум.

XS
SM
MD
LG