Ссылки доступа

Тажикстанда мунапыска ишенип, мекенине кайткан эки бир тууган соттолду


Тажик бийлиги экстремизм үчүн шектелген жарандар согуш жүрүп жаткан аймактардан өз эрки менен мекенине кайтса, жоопкерчиликке тартылбай турганын жарыялагандан кийин Тажикстанга келген эки бир тууган түрмөгө түштү.

Рогун шаарынын тургуну Абдумумин Ражабовдун айтымында, анын иниси Насимжон 2018-жылы февралда Москва-Душанбе каттамы менен мекенине келген. Бирок аны аэропорттон эле кармап кетишкен.

«Уулум менен үч мүнөт гана сүйлөштүм. Милиция кызматкерлери келип, Насимжон айрым суроолорго жооп бериши керектигин айтып, аны алып кетишти. «Кабатыр болбогула, эртең таңкы саат сегизде аны үйүңөргө алып кетсеңер болот» дешкен. Бирок биз аны бир нече айдан кийин сот залынан көрдүк», - деди Насимжон Ражабовдун энеси Натижа Холикова.

Душанбе шаарынын Исмоили Сомони райондук соту билдиргендей, Насимжон Ражабов «ММК же Интернетти колдонуу менен Тажикстандын конституциялык түзүмүн күч менен өзгөртүү чакырыгы» боюнча күнөөлүү деп табылып, 7 жылга соттолгон.

Буга чейин анын бир туугандарынын бири Рахматулло Ражабов дагы мунапыска ишенип өлкөсүнө келгенден кийин 3 жыл 8 айга түрмөгө кесилген. Ал диний талкуулардын биринде «бейшембилик» өткөрүү «арам» экенин айтканы үчүн айыпталган.

«Менин бир туугандарым эч качан террордук же экстремисттик уюмдардын мүчөсү болушкан эмес. Насимжон «жихад» жөнүндө кайсы бир макаланы социалдык түйүндөрдө бөлүшүп койгон. Бирок ал күнөөсүн мойнуна алып, бийлик анын бул кадамын кечирет деген ой менен мекенине кайткан», – деди Абдумумин Ражабов.

Тажикстан ИИМинин маалыматы боюнча 2018-жылдын башынан бери террордук уюмдарга кошулуп, экстремизмге айыпталып жүргөн 160тан ашуун жаран өз ыктыяры менен мекенине кайткан.

XS
SM
MD
LG