Ссылки доступа

Тажикстан Саразмдын 5500 жылдыгын белгилөөгө 6 млн. доллар бөлдү


Тажикстан өкмөтү Борбор Азиядагы байыркы тарыхый-археологиялык эстеликтердин бири болгон Саразм шаарынын 5500 жылдыгына даярдык көрүү үчүн 60 млн. сомони (6 млн. доллар) бөлдү.

Саразмдын мааракеси 2020-жылы 12-сентябрда белгиленет. Негизги майрамдык иш-чаралар Пенжикент шаарында өтөт.

Январда Саразм шаарчасынын 5500 жылдык мааракесине карата музей курула баштаган. Пенжикент шаарында жаңы китепкана жана медициналык борбор дагы салынат. Тажик-перси адабиятынын негиздөөчүсү Абуабдулло Рудакинин күмбөзү оңдоп-түзөөдөн өттү. «Тажикфильм» киностудиясы байыркы шаар тууралуу даректүү тасма тартат.

Саразм 1997-жылы археолог Абдулложон Исхаков тарабынан Пенжикент аймагында табылган. Ал ЮНЕСКОнун материалдык мурастар тизмесине киргизилген.

Эски шаарча Пенжикент шаарынан 15 чакырым аралыкта, Зеравшан дарыясынын сол жээгинде жайгашкан. Ордолор жана ибадатканалар, байыркы турак-жайлар сакталып калган. Бул Борбор Азиядагы дарыя аралык аймактагы коло дооруна таандык жалгыз эстелик болгондуктан, 1983-жылдан бери эл аралык жана жергиликтүү экспедициялар иштеп жатат.

Археологиялык казуулар учурунда металл жана таш буюмдар, зер жасалгалар табылган.

XS
SM
MD
LG