Ссылки доступа

Жамангулов: Мени Иманкадыр Рысалиев коркуткан


Бул тууралуу "Мегаком" ишканасынын жетекчиси Акылбек Жамангулов 17-майда парламентте “КТ Мобайл” чатагы боюнча убактылуу депутаттык комиссиянын жыйынында баяндама жасап жатып билдирди.

Жаманкулов Иманкадыр Рысалиев өзүн өкмөткө чакырып, коркутуп-үркүткөнүн, "акча котор" деп мажбурлаганын да билдирди. "Укук коргоо органдарына дайындап, каматам, түбүңө жетем" деген СМС билдирүүлөр бар, ошолор далил болуп берет",- деди Жамангулов.

Ушул тапта парламенттеги “КТ Мобайл” чатагы боюнча убактылуу депутаттык комиссиянын алгачкы жыйыны жүрүп жатат. Ага “Кыргызтелеком”, “Мегаком” “КТ Мобайлдын” жетекчилери катышууда.
Парламенттеги КСДП жана “Өнүгүү-Прогресс” фракцияларынын чечимдеринин негизинде “КТ Мобайл” компаниясынын ишин иликтөө боюнча депутаттык комиссия түзүлүп, анын жетекчиси болуп депутат Курманкул Зулушев тандалган. Бул комиссия бир ай ичинде өз иликтөөсүнүн жыйынтыгы менен депутаттарды тааныштырууга тийиш.

Парламенттин 15-майдагы жыйынында бир мамлекеттик компаниянын эсебинен экинчи бир мамлекеттик мобилдик байланыш операторун ачуу долбоорунун артында премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин туугандары турганы тууралуу кеп козголуп, бул жагдайга баа берүү маселеси көтөрүлгөн.

Андан тышкары “КТ Мобайл” компаниясынын кызматкерлеринин ири өлчөмдөгү маянасы тууралуу да маалымат чыккан. 16-майда “КТ Мобайл” ишканасынын жетекчисинин орун басары Эрназар Иманкадыр уулу (Рысалиев) кызматтан кетти.

XS
SM
MD
LG