Ссылки доступа

Рахмон Душанбеде Терроризмге каршы күрөшүү борборун ачууну сунуштады


Эмомали Рахмон. Архив сүрөт
Эмомали Рахмон. Архив сүрөт

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон маңзат аткезчилигине байланышкан маселелерди изилдөө үчүн «Түндүк каттамга» кирген өлкөлөрдүн укук коргоо органдарынан турган атайын топ түзүүнү сунуштады.

Бул тууралуу тажик мамлекет башчысы 17-майда «Терроризмге жана маңзат аткезчилигине каршы күрөшүү боюнча кызматташтык» деп аталган эл аралык жыйын маалында билдирди. Иш-чара БУУ, Европа биримдиги, Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык уюму (ЕККУ) сыяктуу эл аралык өнөктөштөрдүн колдоосу менен тажик өкмөтү тарабынан уюштурулган. Конференцияга 50 өлкөнүн жана 30га жакын эл аралык жана аймактык уюмдардын өкүлдөрү катышууда.

Мындан тышкары Рахмон Шанхай кызматташтык уюмунун форматында Душанбеде Терроризмге каршы күрөшүү борборун ачууну сунуштады. «Биз өткөн жылы эле маңзат аткезчилигине каршы 67 операция жүргүздүк. Мындан улам Тажикстандын аймагы аркылуу маңзат алып өтүү азайып жатат», — деди тажик президенти.

Рахмондун айтымында, маңзат аткезчилиги — адам сатуу сыяктуу эле терроризмди каржылоонун негизги булактарынын бири болуп эсептелет.

«Акыркы жылдары биз түрдүү террордук топторго, анын ичинде «Ислам мамлекетине» кошулуу максатында чет өлкөлөргө чыгып кеткен 300дөн ашык жараныбызды мекенине кайтардык. Быйыл апрелдин аягында тажик өкмөтүнүн аракети менен Ирактан 84 бала алып келинди», — деди Рахмон.

XS
SM
MD
LG