Ссылки доступа

Түркмөнстандын АКШдагы элчилигинин алдында камактагы активистти колдогон митинг өттү


Гаспар Маталев
Гаспар Маталев

22-майда Түркмөнстандын АКШдагы элчилигинин алдында камактагы активист Гаспар Маталаевди колдогон митинг өттү. Бул тууралуу «Азаттыктын» түркмөн кызматынын Вашингтондогу кабарчысы билдирди.

Акцияга катышкан 17 киши Маталаевди бошотууну талап кылган петицияны элчилик кызматкерлерине өткөрүп беришти. Петицияга жалпысынан дүйнө боюнча 100 миңден ашык адам кол койгон.

«Биз бул жерге Гаспар Маталаевдин камакта жатышына, Түркмөнстандагы мажбурлап иштетүүгө каршы нааразылык билдирүү үчүн келдик. Биз Түркмөнстанда сөз эркиндиги болушун каалайбыз! Гаспар Маталаевге боштондук!», — деп билдирди акция катышуучуларынын бири.

Гаспар Маталаев – пахта терүү өнөктүгү маалында мужбарлап иштетүү көрүнүштөрүнө көз карандысыз мониторинг жүргүзгөн түркмөн активисти. Ал 2016-жылы октябрдын башында камакка алынган.

turkmen.news сайтынын маалыматына караганда, анда Маталаевди электр тогу менен кыйнап, жалган айыптоолорду мойнуна алууга мажбурлашкан. 9-ноябрда ал үч жылга эркинен ажыратылган.

Front Line Defenders, Freedom United сыяктуу бир катар эл аралык укук коргоо уюмдары бир нече жолу түркмөн активистин колдоп чыгышкан. 2018-жылы июнда Бириккен Улуттар Уюмунун негизсиз кармоолор боюнча жумушчу тобу Гаспар Маталаевдин кармалып, камакка алынышын негизсиз деп тапкан.

XS
SM
MD
LG