Ссылки доступа

Хакасияда район башчысы "России-24" телеканалынын кабарчысына кол салды (видео)


Хакасиянын Ширин районунун башчысы, “Бирдиктүү Орусия” партиясынын мүчөсү Сергей Зайцев "России 24" каналынын кабарчысы Иван Литомине кол салды. Журналист республикада 2015-жылы болгон өрттүн кесепеттери боюнча сюжет даярдап жүргөн. Видео телеканалдын сайтында жарыяланды.

Орусиянын тергөө комитети бул окуя боюнча териштирүү жүргүзүүдө.

Интервью учурунда кабарчы чиновниктен өрттөн жабыр тарткандар үчүн курулган үйлөрдүн начар абалы тууралуу сураган. Район башчысы Литоминдин микрафонун тартып алууга аракет жасаган, андан соң журналистти колдон кармап, жерге жыккан. Ал “Жогол бул жерден!” деп кыйкырган. Андан соң телеканалдын кызматкерлерин иш бөлмөсүнөн түртүп чыгарган.

“Бирдиктүү Орусия” журналисттен кечирим сурады жана районун башчысынын жоругун этика комитетинде кароого убада берди.

XS
SM
MD
LG