Ссылки доступа

Тажикстанда жергиликтүү бийлик өкүлдөрү элден битир-садага чогултууда


Тажикстанда жергиликтүү бийлик өкүлдөрү элден битир-садага чогултуп жатышат. Өлкөнүн бардык аймактарында чогулган каражат таратыла турган муктаж үй-бүлөлөр менен жетим-жесирлердин тизмелери түзүлдү.

Өлкөнүн Уламалар кеңешинин чечими менен былтыртан тарта Тажикстандын жашоочулары битир-садаганы атайын комиссияга тапшыра алышат. Алардын курамына маале төрагасы жана жергиликтүү имам-хатибдер кирет. Кийин комиссия мүчөлөрү чогулган акчаны муктаж үй-бүлөлөргө таратып бериши керек.

Бирок өлкөнүн Мусулмандар дин башкармалыгынан билдиришкендей, ар бир адам битир-садаганы өз алдынча же комиссия мүчөлөрү аркылуу тапшырууну өзү чечет.

Быйыл битир-садаганын өлчөмү бир киши үчүн 5 сомонини түзөт. Мусулмандар дин башкармалыгы бул сумма эки килограмм ундун баасына карата аныкталганын билдирди.

Дин иштери жана салт-санааларды тартипке салуу комитетинен билдиришкендей, былтыр жергиликтүү бийлик өкүлдөрү битир-садага катары 40 миллиондон ашык сомони (4,3 миллион доллар) чогултушкан. Анда өлкөнүн Уламалар кеңешинин башчысы Саидмукаррам Абдулкодирзода айт намазынын алдында бул акчалар аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө берилгенин айткан. «Борбордук мечит эле борбордогу 48 муктаж үй-бүлөгө акчаларды таратып берди», - деп билдирген ал.

XS
SM
MD
LG