Ссылки доступа

Президент кыргыз армиясын мактады (жыйнак)


ММКлар бул маалыматтарды каалагандай колдоно алышат. Каалоочуларга видеотасмалардын түп нускасын да жиберебиз. Директ топтомунан дагы керек болгон видеолорду пайдалануу мүмкүнчүлүгү берилүүдө.

- Президент кыргыз армиясын мактады. Куралдуу күчтөрдүн түзүлгөнүнүн 27 жылдыгына жана Мамлекеттик чек ара кызматынын түзүлгөнүнүн 20 жылдыгына карата Опера жана балет театрында өткөн жыйында президент Сооронбай Жээнбеков кыргыз армиясына оң баа берди. Өлкө башчы армиянын материалдык - техникалык жабдылышы жакшырганын, куралдуу күчтөрдү заманбап курал - жарак, аскердик техника менен жабдуу боюнча иш жүрүп жатканын айтты. (видео)

- Бурулай зомбулуктун элеси. Бишкекте 27-майда кыз ала качуунун, зордук-зомбулуктун курмандыктарын укук коргоочулар эскеришти. Бул иш-чара бир жыл мурун ала качуунун айынан күлгүндөй курагында каза тапкан Бурулай Турдаалы кызына арналды. Эскерүүгө катышкандар окуядан коомчулук сабак албай, ала качуу дагы эле токтобой жатканын белгилешти. Бир жыл өткөнүнө карабай Бурулайдын өлүмүнө укуктук баа толук бериле элек. (видео)

- Душанбеде доллар үчүн узун кезек жаралууда.​ (видео)

- Тамгада таза суу алтынга тете. Жети-Өгүз районунун Тамга айылынын суу жетпеген көчөлөрү ушул убакка чейин акча төлөп, автоунаа жалдап, суу ташып ичип жатышат. Ортодон таза суу чыгарабыз деп түтүк тартып барышкан, бирок анысы иштебей калган. (видео Директ)​

- Назарбаев көчөсүндөгү талкаланган асфальт . (видео )

- Душанбе-Машхед аба каттамы июнда жанданат. (Тажикстандан видео)

- Баткендиктер эч жакка кетпестен, өз жеринде жемиш бактарды өстүрүүнү чечишти. (видео Директ)​

- Тажикстанда көрүстөндөрдөгү мыйзамсыз тургузулган күмбөздөр бузулууда. (Настоящее время)

- Баткендиктер эч жакка кетпестен, өз жеринде жемиш бактарды өстүрүүнү чечишти. (видео Директ)​

- Тажикстанда көрүстөндөрдөгү мыйзамсыз тургузулган күмбөздөр бузулууда. (Настоящее время)

- Евразиялык медиафорумда Казакстандын сайттарга бөгөт коюусуна байланышкан маселе көтөрүлдү. (Казакстандан видео)

- Алматыдагы музыка фестивалы. (сүрөт баян)

- Казакстанда ракты жеңген балдар кайрымдуулук спектаклдеринде ойношууда. (Настоящее время)

- Сириядагы тажикстандык аял жардам сурайт. (видео)​

- Душанбенин тургуну: «Онунчу кабатка үч же төрт сааттын ичинде көтөрүлөм». (Тажикстандан видео)

- Тажикстанда сот башпаанек сураган ооган үй-бүлөөсүн өлкөдөн чыгарууну чечти. (видео )

- Казакстандагы жана дүйнөдөгү интернет ылдамдыгы.(инфографика)

- Грузияда марганец кенинде иштеген шахтерлор иш таштады.(видео Директ)

УРМАТТУУ КЕСИПТЕШТЕР! ТЕЛЕЖАҢЫЛЫК, КӨРСӨТҮҮ, САЙТ ҮЧҮН КӨЧҮРҮҮГӨ МҮМКҮН БОЛГОН, ЖЕТКИЛИКТҮҮ МИҢДЕГЕН АУДИО- ВИДЕОМАТЕРИАЛДАР МЕНЕН ТААНЫШЫП АЛЫҢЫЗДАР. АЙРЫМДАРЫНЫН ЛОГОТИБИ ЖОК.

XS
SM
MD
LG