Ссылки доступа

Душанбеде доллар тартыштыгы жаралды (видео)


Тажикстанда доллар алууну каалагандар жергиликтүү жана чет өлкөлүк банктардын акча алмаштыруу борборлорунда кезекке турушууда.

28-май күнү эртең менен доллар алуу үчүн Душанбедеги «Казкоммерцбанкка» 40тай киши чогулду. «Кишилер түнкү саат үч-төрттө банкка келип, кезекке турушууда. Мен эртең мененки намаздан кийин келгем, бирок колум бош кетип баратам – доллар жок», – деди кардарлардын бири.

Кишилер көбүнчө Казакстандын ири коммерциялык банкынын акча алмаштыруу борборлоруна чогулушууда. Себеби башка насыя мекемелерине караганда доллар көбүрөөк сатылууда.

Тажикстанда акыркы эки жумадан бери америкалык доллар тартыш болууда. Акча алмаштыруу жайларында бир кишиге 200 доллардан ашык берилген жок.

​Доллар тартыштыгына байланыштуу «көмүскө базарда» анын наркы өстү, бир АКШ валютасы 10 сомониден сатылууда, банктарда баа – 9,45.

Бир жума мурун Тажикстан Улуттук банкы долларга болгон суроо-талаптын көбөйүшү өлкөдө терс соода балансынын өсүшү жана жаз маалындагы коммерциялык ишмердүүлүктүн жогорулашы менен түшүндүргөн. Стратегиялык объектилерди куруу жана мамлекеттик карызды төлөө дагы чет өлкөлүк валютанын тартыш болушуна себеп болууда.

В Душанбе за долларом выстраиваются огромные очереди
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:01:58 0:00

XS
SM
MD
LG