Ссылки доступа

Москвага кайрадан талиптер келди


“Талибан” радикалдуу кыймылынын өкүлдөрү кайрадан Москвага келишти. Молдо Барадар Ахунд башында турган 14 киши Кабул менен Москванын дипломатиялык байланышынын 100 жылдыгына карата уюштурулган жыйынга катышты.

Мындан тышкары Москвага Ооганстандын белгилүү аксакалдары, саясатчылары жана мурдагы президент Хамид Карзай келди.

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров жыйында Ооганстандан чет өлкөлүк аскерлерди толугу менен чыгарып кетүүгө чакырды. Ал өлкөдөгү жаңжал саясий-дипломатиялык жол менен гана чечилерин билдирди.

Талиптер дагы ушундай эле пикирде. 27-мартта Катарда өткөн Ооганстан менен АКШ өкүлдөрүнүн жолугушуусунда америкалык аскерлерди чыгаруу мөөнөтүү талкууланганын билдирди. Талиптер кийинки жолугушууда келишимге жетишүүгө ниеттенишүүдө.

“Талибан” делегациясынын өкүлү буга чейин Лавров менен жеке жолугушуу болгонун ырастады.

Жыл башынан бери “Талибан” делегациясы Орусиянын борборуна экинчи жолу келди. Февраль айында Москвадагы эл аралык конференция өткөн, ага “Талибан”, ооган өкмөтүнүн мүчөлөрү жана дүйнө жүзүндөгү ооган диаспора өкүлдөрү катышкан. Жолугушуунун соңунда Ооганстандан чет өлкөлүк аскерлерди толук алып чыгып кетүү жана “Талибанды” БУУнун “кара тизмесинен” чийүү чакырыгы жаңырган.

2008-жылы ноябрда Орусияда террордук уюм катары тыюу салынган “Талибан” уюму биринчи жолу Ооганстандагы абалды жөнгө салуу боюнча сүйлөшүүлөргө катышкан.

XS
SM
MD
LG