Ссылки доступа

Он жылдын ичинде Түркмөнстандан дээрлик 1,9 миллион киши чыгып кеткен


Түркмөнстандын Мамлекеттик миграция кызматынын имараты. Ашхабад шаары
Түркмөнстандын Мамлекеттик миграция кызматынын имараты. Ашхабад шаары

Акыркы он жылдын ичинде Түркмөнстандан 1 миллион 879 миң адам чыгып кеткен. Бул тууралуу «Азаттыктын» түркмөн кызматы өз булактарына таянып билдирди.

«Мамлекеттик статистика комитети узак убакыт бою чогулткан жабык маалыматтарга ылайык, 2008-жылдан 2018-жылга чейин өлкөдөн 1 миллион 879 миң 413 киши чыгып кеткен. Алар туруктуу жашоо же туруктуу иштөө үчүн кетишкен. Бул категориядагы адамдар өлкөгө дээрлик кайра кайтып келишпейт. Буга өлкөдөн убактылуу чыгып кетип жаткан жарандардын саны кошулган эмес», — деп билдирди басылманын булагы.

Азырынча жарыялана элек бул маалыматтардын туура экенин «Азаттыктын» түркмөн кызматына Түркмөнстандын түрдүү мамлекеттик түзүмдөрүндөгү үч булак ырастаган.

«Бардык маалыматтар жашыруун сакталат. Ошондуктан эл каттоонун жыйынтыктары жарыяланган жок. Бул маалыматтар президентке жакпай калып, ал башка критерийлер боюнча жакшылап эл каттоо жүргүзүү тапшырмасын берген. Жыйынтыгында калктын активдүү бөлүгүнүн дээрлик эки миллиону өлкөдөн чыгып кеткени аныкталды», — деп билдирди булак.

Учурда түздөн-түз калктын эмиграциясы тууралуу маалыматтарды иликтөө менен алектенип келген Статистика боюнча мамлекеттик комитеттин мурдагы эки жетекчиси Людмила Аманниязова менен Айна Ораева бийликтин өзгөчө көзөмөлүндө экендиги жана алардын тышкы дүйнө менен байланышы толук үзүлгөнү кабарланууда.

Түркмөн өкмөтү өлкөдөн чыгып кетип жаткан жарандар тууралуу статистикалык маалыматтарды ачык жарыялабайт. Калктын саны тууралуу дагы расмий ачык маалыматтар жок.

XS
SM
MD
LG