Ссылки доступа

«Трамптын Орусия менен байланышы» тууралуу иликтөө расмий жабылды


АКШда атайын прокурор Роберт Мюллер Орусиянын 2016-жылкы президенттик шайлоого ыктымал кийлигишүүсү боюнча иликтөө толук аяктап, кызматтан кетип жатканын расмий жарыялады.

«АКШнын Юстиция департаменти бул иликтөө боюнча кандай гана комментарий бербесин, ал баары бир иликтөө тууралуу баяндаманын чегинен чыкпайт. Документте бардык анализдер, тыянактар бар. Биз баяндамадагыдан башка кошумча эч кандай маалымат бере албайбыз», — деди Мюллер.

Ал ошондой эле мыйзамга ылайык, Юстиция департаменти аракеттеги президентти кылмышка айыптай албай турганын айтты.

Мюллер АКШдагы 2016-жылкы президенттик шайлоого Орусиянын кийлигишкендиги фактысы аныкталганын дагы бир жолу белгиледи. Бирок Траптын же анын айланасындагы адамдардын Орусия менен кызматташкандыгы тууралуу билдирүүлөр ырасталбаганын билдирди.

Атайын прокурордун териштирүүсү дээрлик эки жылга созулду. Бул аралыкта Мюллердин тобу жалпысынан 34 жеке жана эки юридикалык жакка 200дөн ашык айып таккан.

XS
SM
MD
LG