Анын айтымында, Вашингтон Москва Өзөктүк сыноолордү өткөрүүгө тыюу салуу тууралуу келишимдин жобосун аткарбай жатышы ыктымал деп шектенүүдө. Бул документке кол койгон өлкөлөр мындай тажрыйбага толук мораторий киргизишкен.
Роберт Эшли белгилегендей, Орусияда келишимдеги тыюуларга карабастан, сыноолорду өткөрүүгө техникалык мүмкүнчүлүктөр бар.
Өзөктүк сыноолорго тыюу салуу келишими Бириккен Улуттар Уюмунун 1996-жылдагы сессиясында кабыл алынган. Андан бери келишимге 185 мамлекет кол койду. Бирок АКШ, Кытай, Иран сыяктуу өлкөлөр документти ратификация кыла электигине байланыштуу, азырынча анын тексти күчүнө кире элек. Орусия келишимди 2000-жылы ратификациялаган.