Ссылки доступа

Орусияда 19 аялды өлтүргөн мурдагы милиционерди өмүр бою эркинен ажыратуу өкүмү күчүнө кирди


Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Новосибирскте 19 аялды өлтүрүүгө айыпталган Евгений Чуплинскийге карата чыгарылган өмүр бою эркинен ажыратуу өкүмү мыйзамдуу күчүнө кирди.

Күн мурун Орусиянын Жогорку сотундагы 12 адамдан турган сот арачылар коллегиясы айыпталуучунун аппеляциялык арызын карап, аны күнөөлүү деп таап, кечирүүгө татыктуу эмес деген чечим чыгарган.

Тергөө Чуплинский 19 аялды жиликтеп, мыкаачылык менен өлтүргөн деп эсептейт. Болжол менен ал кылмыштарды 1998-2005-жылдар аралыгында, Новосибирск шаарында милиция кызматкери болуп иштеп жүргөн кезде жасаган. Тергөөнүн маалыматы боюнча кылмышкер сойкулардын кызматынан пайдаланып, кийин аларды өлтүрүп жүргөн.

Чуплинский пенсияга чыккандан кийин 2016-жылы кармалган. Анда анын күнөөсү заманбап молекулярдык-генетикалык изилдөөлөрдүн жыйынтыгында далилденген. Ага чейин далилдер жетишпегендиктен, аны кармоого негиз табылбай келген.

Чуплинский кармалары менен дароо күнөөсүн мойнуна алып, тергөө менен кызматташа баштаган. Кылмыш болгон жергелерге барып, кимди кандай өлтүргөнүн айтып берген. Психологиялык экспертизадан өткөрүлүп, дарыгерлер аны акыл-эси ордунда деп табышкан.

Бирок 2017-жылы апрелде ал кайрадан күнөөсү жок экенин айтып чыккан. Анын туугандары менен жакындары бул иш атайын уюштурулган болушу мүмкүн деп эсептешүүдө.

XS
SM
MD
LG