Ссылки доступа

Ашхабад: автобуста кармалган чөнтөкчү жүргүнчүлөр тарабынан жазаланды


Ашхабаддагы автобус (иллюстрациялык сүрөт)
Ашхабаддагы автобус (иллюстрациялык сүрөт)

28-майда Ашхабаддагы жүргүнчү ташыган автобуста чөнтөкчү кармалды. Бул тууралуу «Азаттыктын» түркмөн кызматынын окуяга күбө болгон кабарчысы билдирди.

Анын айтымында, чөнтөкчүнү жүргүчүлөр сабап, андан кийин автобустан түшүрүп жиберишкен.

«Кызыгы, адамдар полицияны чакырышкан жок. Буга себеп — алар полицияга ишенишпейт жана алар менен байланышкылары келбейт. Адамдар полиция уурудан өз үлүшүн алып, кое берип жиберерин билишет», — деди кабарчы.

Автобустун жүргүнчүлөрүнүн бири акыркы кездери ашхабаддыктардын көбү полицияны кийлигиштирбестен эле, маселелерин өз алдынча чечип алууга өтүшкөнүн белгиледи.

XS
SM
MD
LG