Ссылки доступа

Түндүк Корея Трамп менен ийгиликсиз аяктаган саммит үчүн дипломаттарын өлүм жазасына тарткан


Быйыл мартта Түндүк Кореянын өзөктүк маселелер боюнча АКШдагы ыйгарым укуктуу өкүлү Ким Хек Чхол менен Тышкы иштер министрлигинин төрт кызматкери өлүм жазасына тартылган. Буга эки өлкө лидеринин саммитинин жыйынтыксыз аяктагандыгы себеп болгон.

Бул тууралуу Bloomberg агенттиги түштүк кореялык басылмаларга таянып билдирди.

Болжолдуу маалыматтарга караганда, Ким Хек Чхол ага чыккынчылык жана АКШ менен кызматташуу айыптары тагылгандан кийин атылган. Мындан тышкары Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ындын башкы кеңешчиси Ким Ен Чхолго карата катаал шарттарда оор жумуштарды аткартуу өкүмү чыгарылганы кабарланууда.

Түндүк Корея лидери менен АКШ президентинин тарыхтагы алгачкы жолугушуусу былтыр июнда Сингапурда өткөн. Анын жыйынтыгында эки өлкө лидери кол койгон документте Вашингтон «коопсуздук кепилдиктерин», ал эми Пхеньян «Корей жарым аралын өзөктүк куралдан толук арылтууга» убада берген.

Быйыл февралда Ким Чен Ын менен Дональд Трамптын экинчи жолугушуусу Ханойдо өткөн. Анда Түндүк Кореянын өзөктүк программасынан толук баш тартуусу жана Пхеньянга каршы киргизилген америкалык санкцияларды алуу маселелери талкууланган. Бирок жолугушуу ийгиликсиз аяктап, тараптар биргелешкен декларацияга кол коюшкан эмес.

11-апрелде Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын «өлкө жарандарын чөгөлөтүүгө үмүт кылып» санкция киргизгендерге карата сокку ура турганын эскерткен.

Ханойдогу саммиттин ийгиликсиз аяктаганына карабастан Трамп Ким менен жеке мамилеси жакшы экенин белгилеп, ортодо дагы сүйлөшүүлөр болоруна ишене турганын айтып келет.

XS
SM
MD
LG