Ссылки доступа

Душанбе: жарандардын даттануусунан кийин бир нече темир иштетүү ишканасы жабылды


Жарандар бир канча жолу Душанбедеги темирди кайра иштетүү ишканаларынан чыккан түтүнгө даттангандан кийин бийлик алардын айрымдарынын ишмердүүлүгүнө тыюу салды.

Маалыматка караганда, учурда темир эшиктерди жана торлорду өндүргөн бир нече ишкана ишин улантууда. Бирок аларда мурдагыдай коюу кара түтүн чыкпай калган.

«Өлкөдөгү жарандык согуш маалында дагы акыркы 8-9 жылдагыдай кыйынчылык тарткан эмеспиз. Тамакты ачыштырган коюу түтүндөн дем алуу органдарыбызда оорулар пайда болду», — деди шаардын Абай көчөсүнүн тургуну Сафи Давлатбиби.

Ал аталган райондогу темир иштеткен ишканалар жашоочулардын дарылануусу үчүн компенсация төлөп бериши керектигин белгиледи.

"Такие страдания мы не испытывали даже в годы гражданской войны"
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:03:42 0:00

​Ишин токтоткон ишканалардын мурдагы жумушчулары кытайлыктар эски технологиялары менен жабдууларын Рудаки районуна чыгарып кетишкенин билдиришти.

Калаа бийлиги экологиялык нормалар бузулуп жаткандыгы тууралуу жарандардын даттануусунан кийин бир нече темир иштетүү ишканасы жабылып, башкаларына эски технологиялардан баш тартуу талабы коюлган.

Душанбе шаардык айлана чөйрөнү коргоо башкармалыгынан билдиришкендей, учурда борбордогу 24 темир иштетүү ишканасынын төртөөсү гана иштеп жатат.

XS
SM
MD
LG