Ссылки доступа

Нур-Султанда көп балалуу энелер өлкө жетекчилери менен жолугушууну талап кылууда


3-июнда Нур-Султан шаарында ондогон көп балалуу энелер төрт айдан бери турак-жай маселесин чече албай жүргөнүн айтып, бийликке нааразылык билдирди.

Акордонун алдында жыйналган Казакстандын мурдагы президенти Нурсултан Назарбаевдин, өлкөнүн азыркы башчысы Касым-Жомарт Токаевдин чыгышын талап кылышты. Нааразылык акциясы өтүп жаткан жерге шаар акими, Эмгек жана социалдык көмөк министрлигинин өкүлдөрү менен полиция кызматкерлери тыштан көз салып турушту.

Бир нече убакыттан кийин нааразы тарапка прокуратура өкүлү чыгып, парламент имаратына барууну сунуштады.

Мындан соң көп балалуу энелер межилис имаратына барышты. “Азаттыктын” казак кызматы окуя болуп жаткан жерден түз алып көрсөтүүдө.

XS
SM
MD
LG