Сотко кайрылууну 2017-жылы ал кездеги президент Петр Порошенко тапшырган.
Украина тышкы иштер министринин евроинтеграция маселелери боюнча орун басары Елена Зеркаль сот алгач Орусиянын жүйөлөрүн угарын билдирди. Москва Гаага соту бул маселеде юрисдикцияга ээ эмес экенин айтууда. Украин делегациясы ТИМ, Украина Коопсуздук кызматы, МН17 учагынын атып түшүрүлүшүн жана Мариуполь, Краматорск, Волноваха шаарларындагы террордук актыларды иликтеген топтордун өкүлдөрүнөн турат.
Министрдин орун басары “Орусия өз укугунан пайдаланып, ишти кароону жылдыруу үчүн бардык аракетин жасады”, – деди.
Анын айтымында, Украина бир жыл мурун эле сотко 17500 барактан турган материалдарды сунуштаган, алардын бир бөлүгү 3-июнда соттун сайтында жарыяланды.
Май айында Орусия БУУнун Деңиз укугу боюнча эл аралык трибуналында Украинага утулуп калган. Сот Орусияны 2018-жылы Керч кысыгында кармалган 24 морякты бошотууга жана барымтага алынган үч кемени Украинага кайтарып берүүгө милдеттендирген.