Ссылки доступа

Ашхабадда Велосипед күнүнө карата жаңы рекорд коюлду


Түркмөнстанда Велосипед күнүнө карата 1-июнда жалпы веложүрүш өттү.

Мамлекеттик ТДХ маалымат агенттиги билдиргендей, бул күнү түркмөн велосипедчендери бир линиядагы узакка созулган жүрүш үчүн Гинесстин рекорд китебине киришти.

2019 кишиден турган топ бир катарга тизилип, 3300 метр аралыкка чейин веложүрүш жасашты. Иш-чара “Түркмөнстан гүлдөп өнүгүүнүн өлкөсү” деген ураан астында өттү.

​Түркмөнстанда велоспорт мамлекеттик деңгээлде белгиленет, демилгечи –өлкөнүн президенти Гурбангулы Бердымухамедов. Веложүрүштөргө мамлекеттик кызматкерлер, студенттер, окуучулар катышат. Алар велосипед жана спорттук кийимдерди өз эсебинен алышат.

Бул тармакта Түркмөнстан экинчи жолу Гинесстин китебине кирди. 2018-жылы өлкө “Велоспорттогу эң ири жапырт сабак” боюнча дүйнөлүк рекорд жараткан. Ага президент Гурбангулы Бердымухамедов да катышкан.

XS
SM
MD
LG