Ссылки доступа

Сотторго нааразы болгон жарандар Токаев менен жолугушууну талап кылышууда


4-июнда Нур-Султан шаарында сот чечимдерине нааразы болгон ондогон жарандар “Нур-Отан” партиясынын башкы кеңсесине барып, өлкө президенти Касым-Жомарт Токаев менен жолугушууну талап кылышууда.

Нааразылык акциясына чыккан жарандар Казакстан Жогорку сотунун судьяларын отставкага кетирүүгө жана мыйзамдуулукту камсыздоого үндөшүүдө.

Демилгечил топтун өкүлү, жарандык активист Санавар Закирова Токаев алар менен жолукмайын эч ким тарабай турганын айтты. Чогулгандар буга чейин сот же күч түзүм органдарынын мыйзамсыз аракеттерине туш болушканын, сотторго жана прокуратурага кайрылуу жыйынтык бербей жатканын билдиришүүдө.

Токаевдин шаардык шайлоо штабынын башчысы Арыстангали Сансызбаев талапкер учурда иш сапары менен башка аймакта жүргөнүн билдирди. Ал чогулгандардын талабын жетекчиликке жеткирүүгө убада берди.

3-июнда көп балалуу энелер дагы Токаев менен жолугууну, турак-жай маселелерин чечүүнү суранышкан.

XS
SM
MD
LG