Ссылки доступа

Хорезм: аткаминер кол алдындагыларды «3-4 күн уйкусуз иштетем» деп опузалаган


«Азаттыктын» өзбек кызматы Хорезм облустук акимчилигинин маданият башкармалыгынын башчысы Шавкат Яхшибоев кол алдындагы кызматкерлерди опузалап жаткандыгы жазылып алынган аудиотасманы жарыялады.

«Мен силерди 3-4 күн уктабастан иштегидей кылам. Силер митаамсыңар, биздин максат — силерди кыйноо», — деген аудиотасмадагы Яхшибоевге таандык делген үн.

пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:01:00 0:00
Загрузить файл

Маданият башкармалыгынын кызматкерлеринин айтымында, аудио Германиянын президенти Франк-Вальтер Штайнмайер менен Орусиянын премьер-министри Дмитрий Медведевдин Хивага сапарынын алдындагы чогулуш маалында жаздырып алынган.

«Чогулуш Шавкат Яхшибоевдин иш бөлмөсүндө 26-майда өткөн. Кечки саат тогузда башталган жыйын түнгө чейин созулду. Анда алыскы райондордон келген музыкалык мектептердин жетекчилери бар болчу. Яхшибоев аларга уктабагыла деп, уктагандар таң атканча иштей тургандыгын айткан», — деди башкармалык кызматкерлеринин бири.

Мындан тышкары ал Штайнмаейр менен Медведевдин Хивага сапары алдында музыкалык мектептердин окуучуларын меймандарды тосуп алууга күн ысыкта даярданууга мажбурлаганын кошумчалады. «Кичинекей балдар төрт саат бою күн ысыкта даярданууга мажбурланышты. Яхшибоев окуучуларды репетицияга чыгарбаган райондук маданият башкармалыгынын жетекчилерин зекип урушту», — деди ал.

Өз кезегинде Шавкат Яхшибоев кол алдындагы кызматкерлерди опузалабаганын билдирди. «Райондук маданият башкармалыктарынын жетекчилерин уктатпай иштетип эмне кылмак элем? Бизде андай глобалдык маселелер жок. Меймандарды тосуп алуу иш-чарасына даярдыктар кечкисин өткөрүлгөн. Ага негизинен фольклордук топтор катышкан», — деди Яхшибоев.

XS
SM
MD
LG