Ссылки доступа

Хожент түрмөсүндөгү тополоңго айыпталган камактагылар Душанбе абагына которулду


Хожент түрмөсүндөгү тополоңго тиешеси бар деп айыпталып жаткан камактагылар күтүүсүздөн Душанбедеги абакка которулушту. Бул тууралуу алардын туугандары билдиришти.

Алар жакындарын Хожент түрмөсүнөн таппай калышканын айтып жатышат.

«Акыркы жолу уулума 29-майда тамак-аш алып келип бергем. Үч күндөн кийин келсем ал Душанбеге которулганын айтышты. Бул тууралуу адвокатка дагы эч кандай маалымат берилбептир», — деди өзүн камактагылардын биринин апасы деп тааныштырган Соробиби Ашурова аттуу жаран.

Түрмө жетекчилиги тополоң чыгарууга шектүүлөр камактагы башка адамдардын коопсуздугун камсыз кылуу максатында борбордогу абакка которулганын билдирди.

Маалыматтарга караганда, учурда тополоңго байланыштуу 33 адам сот жоопкерчилигине тартылууда. Бул иш боюнча Тажикстан сотунун көчмө отуруму быйыл мартта башталып, жабык өтүүдө.

Прокуратура айыпталуучулардын негизги жаза мөөнөттөрүнө кошумча 10-12 жыл кошууну талап кылууда. Алар адам өлтүрүү, денеге оор зыян келтирүү, бийлик өкүлдөрүнө каршылык көрсөтүү жана түзөтүү абагындагы режимди бузуу беренелери боюнча айыпталып жатышат. Мындан тышкары Хожент түрмөсүнүн сегиз кызматкери шалаакылык беренеси менен 2,5 жылдан эрктеринен ажыратылышкан.

Былтыр ноябрдын башында болгон Хожент түрмөсүндөгү тополоңдон жалпысынан 57 киши каза тапкан.

XS
SM
MD
LG