Ссылки доступа

Төмөнкү Орокто кармалган 32 адам кое берилди, дагы экөө камакта (видео)


Чүйдүн Сокулук районуна караштуу Төмөнкү Орок айылында кармалган 32 адамдын баары үйүнө кое берилди, мушташка түздөн-түз тиешеси бар деген экөө азырынча милициянын убактылуу кармоочу жайында.

Ички иштер министрлигинин маалыматына караганда, учурда айылдагы коомдук коопсуздукту Сокулук райондук жана Чүй облустук милициясы көзөмөлдөп жатат.

Түн ичинде кандайдыр бир мыйзам бузуулар катталганы тууралуу маалымат жок.

Кечээ 5-июнда Төмөнкү Орокто Айт намаздан кийин чыгып баратып үч өспүрүм мушташа кеткен, жабыркаган экөө азыр ооруканада жатат, бири нейрохирургия бөлүмүндө.

Факт Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине 266-берене («Ээнбаштык») менен катталды. Шектүү катары кармалган эки адамдын (алардын бири өспүрүм) бөгөт чарасы 48 саат ичинде аныкталышы керек.

Окуя болгон жерде ички иштер министри Кашкар Жунушалиев өзү жүрдү.

Кечээ Сокулуктун Жаңы-Жер айылында да өспүрүмдөр ортосунда уруш чыкты. Ал жакка ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов барды. Абал туруктуу, кармалгандар жана жабыркагандар тууралуу маалымат жок.

XS
SM
MD
LG