Ссылки доступа

Алматы прокуратурасы: наристенин апасы менен тергөө абагына киргизилгени мыйзамдуу болгон


Алматы шаардык прокуратурасы тыюу салынган уюмга тиешеси бар деген шек менен кармалган Оксана Шевчук аттуу көп балалуу эненин жети айлык кызы менен тергөө абагына киргизилишин мыйзамдуу деп тапты.

Прокуратура адвокаттын даттануусуна жооп катары 9-майда Шевчук менен кызынын бир нече саат тергөө абагында кармалгандыгы үчүн полиция департаментинин кызматкерлерине карата чара көрүүгө негиз жок экенин билдирди.

Отуз жаштагы Ольга Шевчук 1-майда Алматыда өткөн уруксатсыз митингде, андан кийин 9-майдагы жүрүш маалында кармалган. Анда ал кичинекей кызы менен бирге бир нече саат тергөө абагында кармалып турган.

1-июнда Алматынын райондор аралык тергөө соту Шевчукту эки айга үй камагына алуу чечимин чыгарган. Ал дагы бир көп балалуу эне менен бирге өлкөдө тыюу салынган «Казакстандын демократиялык тандоосу» кыймылына тиешеси бар деп шектелүүдө. Шевчук өзү бозгунда жүргөн мурдагы банкир Мухтар Аблязов тарабынан негизделген бул кыймылга мүчө эмес экенин, бирок анын айрым идеяларын жактыра турганын билдирүүдө.

XS
SM
MD
LG