Ссылки доступа

Кыргыз паспортун мыйзамыз жасагандар кармалды


Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети Кыргызстандын жасалма паспортторун даярдоо жана сатып өткөрүү боюнча туруктуу канал уюштуруп, чет өлкөлөргө жиберип турган эки киши кармалганын билдирди.

Жасалма документтер эл аралык террордук уюмдун мүчөлөрүн согуш жүрүп жаткан аймактарга катышууга жиберип туруу максатында колдонулган болушу мүмкүн экени болжолдонууда.

2-июнда Ислам Кодировдун наамына берилген жасалма паспорт менен чек арадан өтүүгө аракет кылган 29 жаштагы коңшу өлкөнүн жараны кармалган.

Муну менен бирге аэропорттун күтүү залында айтылган кылмыш тобунун уюштуруучусу, Кыргызстандын жараны, 52 жаштагы А.С. да кармалган. Анын жанынан да Пайзулло Насыров аттуу жарандын наамына даярдалган жасалма паспорт табылган.

Шектүүлөр УКМКнын тергөө абагына киргизилди.

XS
SM
MD
LG