Ссылки доступа

Ашхабадда сулуулук салондору көмүскө иштөөдө


Ашхабадда көптөгөн чач тарач, маникюр, визажист, массаж, татуировка жасоочулардын салондору жабылып, үйлөрүндө иштеп жатышат. Бул тууралуу “Азаттыктын” түркмөн кызматы билдирүүдө.

Түркмөнстанда май айынан аягынан тарта сулуулук салондору жабыла баштаган. Бийлик өкүлдөрү алардын лицензиялары узартылбай турганын кабарлаган.

Фитнес клубдар, сулуулук салондору Ашхабаддын борбордук райондорунда жайгашкан. Эми алардын ордун азык-түлүк дүкөндөрү ээлейт.

Буга чейин Түркмөнстан бийлиги татуаж жасагандарга каршы кампания баштаганы кабарланган. Ашхабадда полиция денесине боек менен сүрөт тарттырган кишилерди кармап, аларга кызмат көрсөткөндөрдүн аты-жөнүн сураган. Түркмөнстанда татуаж жасоо рыногу толук легалдуу эмес. Расмий түрдө тыюу салынбаса дагы мындай кызмат көрсөткөн салондор ачык байкалбайт.

– Бул дайыма көмүсөк бизнес болгон, лицензия берилбесе керек.Дайыма легалсыз түрдө кызмат көрсөтүп келишкен.Жогорку сапатта татуаж жасаган бир нече элиталык салон бар эле. Кызматкерлер Түркия жана Москвадан окуп келишкен. Мода деген мода, далыга түшүрүлгөн кандайдыр бир ажыдаар 100 доллар, айрым учурда андан да көп акча турган, – деди “Азаттыктын” түркмөн кызматынын өз булагы.

Бийлик жарандардын тышкы келбетин катуу көзөмөлдөйт. Эркектер чачын боетпойт, аялдар чыпташкан көйнөк кийбейт, чачтарын жайбайт. Тыюу салуу бейформал мүнөзгө ээ.

XS
SM
MD
LG