Ссылки доступа

Амир-Темирдеги ийгиликтин сыры (жыйнак)


ММКлар бул маалыматтарды каалагандай колдоно алышат. Каалоочуларга видеотасмалардын түп нускасын да жиберебиз. Директ топтомунан дагы керек болгон видеолорду пайдалануу мүмкүнчүлүгү берилүүдө.

- Казакстанда шайлоодо кармалгандар. Казакстанда акыркы 30 жылдан бери өлкөнү башкарган Нурсултан Назарбаев катышпаган алгачкы президенттик шайлоо өтүп жатат. Алматы, Нур-Султан баштаган бир нече шаарларда шайлоого каршы чыккан ондогон адам, алардын ичинде журналисттер да кармалды. (видео)

- Казакстан: Алматыдагы кармоо. (видео)

- Каршылык менен коштолгон шайлоо. (сүрөт баян)

- Атамбаев Жээнбековду айыптады. Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) коррупцияга каршы митингинде экс-президент Алмазбек Атамбаев кайрадан Сооронбай Жээнбековду айыптады. Ал бийлик коррупция менен күрөштү шылтоолоп, саясий атаандаштарын куугунтукка алып жатканын билдирди. Атамбаев кримтөбөл Азиз Батукаевдин иши, мурдагы бажычы Райымбек Матраимов тууралуу да сөз козгоду. Бирок коомчулукта ушул эле маселелерде экс-президенттин өзүнө да сын таккандар болду. (видео)

- Амир-Темирдеги ийгиликтин сыры. Ош шаарындагы 60 миңден ашуун калкы бар Амир-Темир муниципалдык аймактык башкармалыгында кыргыз жана өзбек жаштарынан бириккен кызматкерлер эмгектенет. Башкармалыктын башчысы Хамидулло Исмаилов жана анын орун басары Нургазы Каримов башкаруунун бул ыкмасын өлкөнүн жаңы идеологиясы деп эсептешет. Алар ушул жол аркылуу эки элдин бири-бирине ишеними артат деп ишенишет. (видео)

- Карасуулук “койчунун” баяны (видео)

- Тереза Мэй Консервативдик партиянын лидерлигинен кетти. (видео Директ)

- Тажикстанда күчүктөр кантип Нидерландда жашоо укугун алышты? (Настоящее время)

- Мигранттардын айылда калган балдары. (видео Директ)​

- Турсунзаде базарында 1300дөн ашык аял иштейт. (Тажикстандан видео)

- Кыргызстандагы мыйзамсыз күйүүчү май базары. (видео Директ)

- Азия 360°: Бухара: оазис шаар. (видео)​

- Эмнеге Орусиянын батышында бир дагы мечит жок? (видео Директ)

- Украинанын экс-президенттери кандай кылмыштарга шектелген? (видео Директ)​

- Украина жаңы жазуу эрежелерине өтүүдө. (видео Директ)​

УРМАТТУУ КЕСИПТЕШТЕР! ТЕЛЕЖАҢЫЛЫК, КӨРСӨТҮҮ, САЙТ ҮЧҮН КӨЧҮРҮҮГӨ МҮМКҮН БОЛГОН, ЖЕТКИЛИКТҮҮ МИҢДЕГЕН АУДИО- ВИДЕОМАТЕРИАЛДАР МЕНЕН ТААНЫШЫП АЛЫҢЫЗДАР. АЙРЫМДАРЫНЫН ЛОГОТИБИ ЖОК.

В!

XS
SM
MD
LG