Ссылки доступа

Подмосковьеде 11 жаштагы кыздын өзбекстандык мигранттан боюна бүтүп калган


Подмосковьеде 47 жаштагы өзбек жараны 4-класстын окуучусу менен бир нече жолу жыныстык катнашка барып, кыздын боюна бүтүп калган. Бул тууралуу «Комсомольская правда» гезити жазды.

Басылманын маалыматына караганда, учурда 11 жаштагы кыздын 23 жумалык боюнда бар. Анын апасы бул окуя боюнча полицияга арыз менен кайрылган.

7-июнда жергиликтүү сот Өзбекстандын 47 жаштагы жараны Кахрамон Насердиновду камакка алуу тууралуу тергөөнүн өтүнүчүн канааттандырды. Анда айыпталуучу күнөөсүн толугу менен мойнуна алган. Ал бул берене боюнча 15 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Мектеп окуучусунун кош бойлуу экендиги 6-июнда гана белгилүү болгон. Кыз тубаса акыл-эс жетишпестигинин жеңил формасы менен жабыркап, коррекциялык мектепке барып жүргөн. Ал Насердиновго коңшулаш жашап, анын кызы менен дос болгон.

XS
SM
MD
LG