Ссылки доступа

Тажикстан өлкөдөгү адам укуктарынын абалы боюнча БУУда баяндама жасайт


Тажикстандын өкмөтү Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) адам укуктары боюнча кезектеги сессиясында өлкөдөгү адам укуктарынын сакталышы тууралуу баяндама жасоого даярданып жатат.

БУУ комитетинин сессиясы 1-июлда Женева шаарында башталат. Анда тажик өкмөтү өлкөдө адам укуктарынын сакталышы, ошондой эле Жарандык жана саясий укуктар тууралуу эл аралык пакттын аткарылышы боюнча баяндама жасайт.

Маалыматка караганда, сессияда тажик делегациясы 2012-жылкы Хорог окуясы, Ислам кайра жаралуу партиясынын жабылышы, анын активисттеринин камакка алынышы, бир нече адовкаттын, анын ичинде Бузургмехр Ёровдун соттолушу, жаңылыктар сайттары менен социалдык түйүндөргө бөгөт коюлушу, сакал койгон адамдарга кысым көрсөтүлүшү жана хижаб кийген аялдарга каршы өткөрүлгөн рейддер боюнча суроолорго жооп бериши керек.

Юстиция министрлигинин, прокуратуранын жана башка күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрүнөн турган Тажикстандын расмий делегациясы бул боюнча 36 барактан турган баяндама даярдаган. Анда тажик бийлиги Хорогдогу операция бир нече оор кылмыштарды жасаган, анын ичинде Тоолуу Бадахшан автоном облусунун УКМК бөлүмүнүн башчысын өлтүргөн топту жок кылуу максатында өткөрүлгөнүн белгилеген. Расмий маалыматтар боюнча анда бир күндүк операциянын жүрүшүндө 17 киши, анын ичинде бир нече жай тургун каза болгон.

Тажик бийлигинин Ислам кайра жаралуу партиясынын ишмердүүлүгүнө тыюу салынгандыгынын себептери тууралуу суроого даярдаган расмий жообунда саясий уюмдун 2015-жылдагы козголоңго тиешеси бар экендиги далилденгени жазылган. Бирок партия өкүлдөрү башынан эле бул айыптоолорду четке кагып, Хорогдогу козголоң ал кездеги өлкөдөгү башкы саясий күч болуп турган партиянын ишмердүүлүгүнө тыюу салуу үчүн ойдон чыгарылганын айтып келишет.

XS
SM
MD
LG