Анын айтымында, мындай чара «кармалгандардын баарынын бир жерге топтолуп калышына жол бербөө максатында» көрүлдү.
«Алардын бир бөлүгү административдик жоопкерчиликке тартылып, айыппул төлөөгө милдеттендирилди. Калгандары камакка алынды», — деди Кожаев.
Ал шаардык соттун чечими менен алардын айрымдары айыпка жыгылса, кээ бири камакка алынды. Министрдин орун басары кармалгандар жаза мөөнөтүн кайда өтөөрүн тактаган жок.
10-июнда кармалган айрым адамдар аларды дагы шаардын сыртына чыгарып баратышканын билдиришкен. Өлкөнүн Ички иштер министрлиги бул күнү Алматы жана Нур-Султан шаарларында нааразылык акциясына чыккан «200гө жакын» киши кармалып, 150сү административдик жоопкерчиликке тартылганын билдирди.
«9-майда эки шаарда 500 киши кармалып, алардын 400үнө айып салынды. 10-июнда 200гө жакын адам кармалып, 150гө жакыны администравтидик жоопкерчиликке тартылды», — деди ИИМдин рамий өкүлү Нурдилда Ораз.
Казакстанда 9-июнда өткөн кезексиз президенттик шайлоо нааразылык акциялар жана жүздөгөн адамдардын кармалышы менен коштолду. Алматы жана Нур-Султан шаарларында 10-июнда дагы адамдар кармалды. Укук коргоочулар менен күбөлөр полиция кармалган жарандарга карата катаал мамиле кылып жатышканын билдиришүүдө.
Күн мурун жаңы шайланган президент Касым-Жомарт Токаев полицияны мактап, нааразылык акциялардын катышуучуларын кармоо «зарыл экенин» белгилеген.