Ссылки доступа

Ташкенттин символу эсептелген оргума бузулду (видео)


10-июнда Ташкенттин эң белгилүү символдорунун бири эсептелген оргума бузулду.

Маалыматтарга караганда, 52 жылдан бери иштеп келаткан Ташкенттин Эгемендүүлүк аятындагы фонтанды бузуу тапшырмасын калаа башчысы Жахонгир Артикхожаев берген.

Жумушчулардын айтымында, оргуманын ордуна мамлекеттик кызматкерлер үчүн жер алдындагы унаа токтотуу жайы курулат. Бирок азырынча бул маалыматты расмий органдардан ырастоого мүмкүн болгон жок.

Ташкенттин борборундагы оргумалар комплекси советтик архитектор Борис Мезенцевдин жетекчилиги менен 1967-жылы курулган. Аны искусство таануучулар «чыгыш жана батыш архитектуралык стилдердин айкалышы» деп аташкан.

Ташкенттин визуалдык образын түзүүгө катышкан белгилүү айкелчи Петр Анненков оргуманы бузуу тапшырмасын берген калаа башчысын «варвар жана түркөй» деп атады. «Ал деген Ташкенттин образы, визиттик карточкасы. Ташкенттин баарына белгилүү болгон жүзү. Экинчиден, бул тарых. Бул оргума Өзбекстандагы көптөгөн окуяларга күбө болгон. Үчүнчүдөн, бул ностальгия. Ар бир өзбекстандыкта бул фонтанга байланышкан өзүнүн окуялары бар. Төртүнчүдөн, бул искусство. Бул Борис Мезенцевдин эң сүйүктүү эмгеги. Ал улуу архитектор. Түркөй калаа башчысы болсо буларды сактап калуунун ордуна Ташкенттин көркүн кытай инсталляциялары менен бузуп жатат. Мен мындай вандализмге каршымын», — деди учурда Москвада жашап жүргөн белгилүү айкелчи.

Оргума бузулуп жаткандыгы тууралуу макала жарыялангандан кийин Ташкент шаардык акимчилигинин басма сөз кызматы анда комплексти оңдоо иштери жүрүп жатканын билдирди.

«Оргума курулгандан бери оңдоодон өтө элек болчу. Учурда анда жаракалар бар, кийинчерээк андагы суу жакын жердеги метро станциясына агып кире башташы мүмкүн. Мындан тышкары фонтан азыр нормадан сегиз эсе ашык өлчөмдө электр энергиясын пайдаланып жатат. Биз аны электр энергияны аз сарптагыдай кылабыз. Жаңы оргума быйыл жыл соңуна чейин ишке берилип калат деп пландап жатабыз», — деп жазылган мекеменин билдирүүсүндө.

Ошол эле маалда мэриянын басма сөз кызматы эмнеге оргума күндүн ысыгында оңдолуп жаткандыгы жана аны декабрда пайдаланууга берүүнүн кандай зарылдыгы бар экендиги тууралуу суроого жооп берген жок.

XS
SM
MD
LG