Ссылки доступа

Ошто казиного уттурган жигит муунуп өлдү (видео)


Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Мындан бир ай мурун Оштогу «Делюкс» мейманканасында жайгашкан казинонун бетин ачып, канча акча уттурганынан бери айтып берген Темурлан Алиев өз жанын кыйды.

2-июнь күнү аны өз үйүнүн ашканасында асылып турган жеринен тапкан жакындары Ош шаардык ооруканасына жеткиришкен. Бирок ал эсине келе албай бир жума жатып, 8-июнь күнү ооруканада көз жумду.

Ош шаардык милициясынын басма сөз катчысы Замир Сыдыков өз жанына кол салган Алиевдин иши анын казино боюнча жазган арызына тиркеле турганын билдирди.​ ​«2-июнда ашканада асылып турган жеринен табылып, ооруканага жеткирилген. Жети күн бою комада жатып, 8-июнда үзүлүптүр. Бул факт Ош шаардык милициясында өзүн өзү өлтүрүү катары катталган. Бирок анын өлүмү менен анын мурунку жазган арызы боюнча козголгон кылмыш иши бириктирилип каралышы керек деген ойдомун», — деди басма сөз катчы. ​

Муунуп жантаслим болгон Темурлан Алиевдин артында эки өспүрүм кызы жана аялы калды. Жакындарынын айтымында Темурлан акыркы учурларда көчөгө чыкпай калган. «Коомчулукка ачыкка чыккандан кийин бала көчөгө чыкпай ойго көмүлүп калган эле, - дейт атын айткысы келбеген жакын туугандарынын бири. - Такыр көчөгө чыкпай койду. Же катуу уялдыбы? Же бирөө-жарым коркуттубу? Анысы бизге белгисиз. «Чык, мечитке бар. Намаз оку», - дедик. «Макул», - деп коёт. Барган жок. «Кимдир-бирөө коркутту беле?» - деп аялынан сурасак: «Билбейм», - дейт».

Темурландын атасы Рахман Алиев учурда уулун жерге узатып, аза күтүп отурат. Ал казинолордун жабылышы үчүн аягына чейин күрөшөрүн айтууда: «Бизде «кумарканалар жабылсын» деген мыйзам чыккан. Кыргызстанда кумарга тыюу салынган. Анан булар кантип ачык-айкын иштеп жатат? Мен ушуга түшүнбөйм. Эгерде мен өлбөсөм кумарканалардын аягына чыгам. Керек болсо Сооронбай Жээнбековго чейин барам. Мен алтымыштан өткөн чалмын. Эгер Кудай мага өмүр бербей алып кетсе - анда айла жок».

Мындан бир ай мурун маркумдун атасы Рахман Алиев уулу уттурган акчанын жалпы суммасы 6,5 миллион сомго жеткенин, үйдө нанга да акча калбаганын айткан болчу: ​«Балам үч жылдан бери үч бөлмөлүү үйдү, алты машинени уттурду. Кичүү балам Орусияда иштеп таап жиберген акча кетип жатты. Тапканыбыз ушул кумарканага кетип атат. Кемпирим экөөбүз пенсиядабыз. Мына акыркысында бирөөдөн ижарага алып иштетип отурган «Портер» машинени уттуруп жибериптир. Эми аны кантип ордуна коюуну билбей турабыз».

Казинонун азабын тарткан Алиевдер кумарканага кеткен акчасын кайтарууну укук коргоо органдарынан талап кылышкан. Бирок ал акчадан бир тыйын да кайта элек. Тергөө аягына чыга элек.

Ал арада Ош шаардык кеңешинин депутаттары сөз болуп жаткан «DeLuxe» мейманканасынын кожоюну Мукан Алыкулов «Ош шаарынын ардактуу атуулу» деген наам ыйгарганга үлгүрүштү. Ал эми анын ичиндеги казино катары кеп болуп жаткан жайдын ээси ким экени ушу күнгө чейин ачык айтыла элек.

XS
SM
MD
LG