«Сот залына кирүүгө эч кандай тоскоолдуктар болгон жок. Отурумга коомчулук өкүлдөрүнөн тышкары укук коргоочулар жана «Хьюман Райтс Вотч» уюму менен дипломатиялык корпустардын өкүлдөрү дагы катышты», — деди Ташанов.
Анын айтымында, отурумдун жүрүшүндө 1993-жылы Самандар Кукановго тагылган «Пара алуу», «Коррупция» жана «Кылмыштуу топ түзүү» айыптары окулду. Бирок Куканов менен анын адвокаты анда кылмыш иши маркум президент Ислам Каримовдун режими тарабынан ойдон чыгарылган негиздер менен козголгонун билдиришти.
Бул иш боюнча кезектеги соттук отурум 3-июлга белгиленди.
Өзбек ССРинин Жогорку кеңешинин мурдагы депутаты 1993-жылы кармалып, өлкөнүн Жогорку соту тарабынан 20 жылга соттолгон. Кийин анын жаза мөөнөтү дагы үч жылга узартылып, эркиндикке 2016-жылы октябрда чыккан. Куканов эгемен Өзбекстандын тарыхындагы эң узак камакта жаткан саясий туткун болуп эсептелет.