Ссылки доступа

Казакстанда митингдерге катышкан миңге жакын адам административдик жазага тартылды


Нур-Султан жана Алматы шаарларындагы уруксат берилбеген митингдерге катышкандыгы үчүн 957 киши административдик жазага тартылды. Алардын 670и алты суткадан 15 суткага чейинки мөөнөткө камалса, 115ине айыппул салынды. Бул тууралуу бүгүн Башкы прокуратуранын өкүлү Сапарбек Нурпеисов билдирди.

Анын айтымында, сот 311 адамдын үй-бүлөлүк абалын жана башка шарттарын эске алуу менен алардын жаза мөөнөтүн кыскартты. «Сот алардын жазган өтүнүчтөрүн колдоп, эркиндикке чыгарды. Бүгүн дагы 63 адам чыгарылат. Учурда атайын жайларда 180 киши камакта калууда. Алардын жаза мөөнөтү алты суткадан 15 суткага чейинки мөөнөттү түзөт», - деди Нурпеисов.

Казакстанда 9-июндан бери нааразылык акциялар өтүүдө. Алар добуш берүүнүн расмий жыйынтыктарына каршы болуп, буга чейин кармалган адамдардын бошотулушун талап кылып жатышат.

Өлкөнүн Ички иштер министрлиги акция катышуучуларын «чагымчылар катары мүнөздөөдө. Казак Башкы прокуратурасы «мыйзам бузган адамдар мындан кийин дагы кармала турганын» убадалады.

Буга чейин бийлик 9-июндан 11-июнга чейин кеминде 700 киши кармалганын билдирген. Жергиликтүү укук коргоочулар бул санды төмөндөтүлгөн деп эсептеп, нааразылык акциялар маалындагы полициянын аракеттери боюнча көз карандысыз иликтөө жүргүзүү керектигин билдиришүүдө.

XS
SM
MD
LG