Ссылки доступа

Жаңы Зеландияда мечитке кол салган адам күнөөсүн мойнуна алган жок


Жаңы Зеландиянын Крайстчёрч шаарындагы мечитке кол салууга айыпталып жаткан австралиялык Брентон Таррант күнөөсүн мойнуна алган жок. Бул тууралуу сотто анын адвокаты билдирди.

New Zealand Herald гезитинин маалыматына караганда, Таррант өзү отурумга катаал режимдеги абактан видеобайланыш аркылуу катышты.

51 кишинин өмүрүн алып, 40 адам жаракат алган бул теракт боюнча сот отуруму 2020-жылдын май айына белгиленди.

Буга чейин 28 жаштагы Брентон Таррантка терроризм беренеси менен айып тагылган.

15-мартта ал Крайстчёрч шаарындагы мечиттердин биринде ок атып, андан соң экинчи мечитке барып кол салган. Бул аракеттерин Таррант«Фесбуктагы» баракчасы аркылуу түз эфирде көрсөткөн.

Бул окуядан кийин Жаңы Зеландия өкмөтү өлкөдө курал-жарак сатып алуу тууралуу мыйзамдар катаалдаштырылганын билдирген. Бийликтин маалыматына караганда, Брентон Таррант кол салууда мыйзамдуу жол менен алынган куралдарды колдонгон.

XS
SM
MD
LG