Андагы маалыматка караганда, түрмөдөгү башаламандыктын артында «халифаттын жоокерлери» турушкан. Бирок Al-Nabaa сайты бул маалыматты ырастаган эч кандай далилдерди келтирген эмес.
Буга чейин Тажикстандын Ички иштер министрлиги тополоң маалында өлтүрүлгөн 32 кишинин 17си «Ислам мамлекети» террордук тобуна мүчө болгону үчүн эркинен ажыратылганын билдирген.
Душанбеден 15 чакырым алыстыктагы абакта чыккан тополоңдо Тажикстанда тыюу салынган «Ислам кайра жаралуу партиясынын» үч мүчөсүнүн жана үч түрмө сакчысынын өмүрү кыйылган.
Аталган партиянын өкүлдөрү өлгөндөрдүн саны бийлик билдиргенден кыйла көп экенин айтышкан.
Былтыр ноябрь айында Хожент шаарындагы түрмөдө да тополоң чыгып, абакта жазасын өтөп жаткан 21 киши жана эки түрмө сакчысы каза тапкан.