Түркстан облусунун Арыс шаарында өзгөчө кырдаал жарыяланганына байланыштуу бир нече поезд токтотулган. 24-июнда калаадагы аскерий кампадан өрт чыгып, ок-дарылар жарылган. Аймак тургундары шашылыш түрдө көчүрүлгөн. Алардын көбү Шымкент шаарындагы мектептерге жана мечиттерге жайгаштырылган.
Буга чейин Казакстан Ички иштер министрлиги Арыстагы жарылуу басаңдаганын, бирок толук токтой электигин билдирген. Буга байланыштуу өрт өчүрүүчүлөр окуя болгон жерге жолой албай турушат. 25-июнда казак бийлиги Арыска кайтуу азырынча кооптуу экенин билдирген.