Ссылки доступа

Кой-Таштагы кырдаал (жыйнак)


ММКлар бул маалыматтарды каалагандай колдоно алышат. Каалоочуларга видеотасмалардын түп нускасын да жиберебиз. Директ топтомунан дагы керек болгон видеолорду пайдалануу мүмкүнчүлүгү берилүүдө.

- Атамбаевдин тарапкерлери Кой-Ташка чогулду. Экс-президент Алмазбек Атамбаев Кой-Таштагы талапкерлери менен жолугуп, кайрылуу таратты. Ал Чүйдүн Кой-Таш айылындагы үйүндө 26-июнь күнү «элдик штабдын» мүчөлөрү менен жолукту. (видео)

- Өзбекстандык жаштар жайлоого барышты. Кыргыз-өзбек жаштарынын Жалал-Абадда өткөн үч күндүк фестивалы жыйынтыкталды. Иш- чарада билим берүү, маданият жана туризм тармактарында кызматташуу боюнча эки тараптуу сүйлөшүүлөр болду. Түрдүү тармактан чогулган өзбек жаштарына Токтогулдун жайлоосунда кыргыздын улуттук оюндары көрсөтүлүп, тоо туризми даңазаланды. Эки өлкө жаштары туризм багытында биргеликте иш алып барууну макулдашты. (видео)

- Кой-Таштагы кырдаал. Экс-президент Алмазбек Атамбаев Чүйдүн Кой-Таш айылындагы үйүндө 26-июнь күнү өз тарапкерлеринен түзүлгөн «элдик штабдын» мүчөлөрү менен жолукту. Анын тарапкерлеринин штабы түзүлгөнү, ошол жерде журналисттер үчүн басма сөз борбору уюштурулганы бир күн мурда кабарланган. (сүрөт баян)

- Эмне себептен Орусия, Украина жана Казакстандагы ок-дары камалары жарылууда? (видео)​

- SpaceX глобалдык интернет үчүн спутникке 60 ракета учурду.(видео Директ)

- Блогер жана шоу-бизнес өкүлдөрүнө Гүлнара Каримовага ырайым берүү тууралуу жазууга буйрук берилди. (видео)​

- АКШ менен Иран атып түшүрүлгөн учкучсуз учак тууралуу БУУга маалымат беришти. (видео Директ)​

- Көл-Төрдүн ажайып көркү​. (сүрөт баян)

- Прокуратура Атамбаевге коюлган беш айыпты негиздүү деп тапты. (видео)

- Этно-лагердеги балалык. Жайлоодо уюшкан эс алуу лагеринде оюндун кызыгына баткан балдар. Инфраструктурасы талкаланган Кетмен-Төбө шаарчасы. Суусу жок Сары-Өзөн. Иш менен камсыз болгон балдар үйлөрүнүн бүтүрүүчүлөрү. Дубалга сүрөт тартып акча тапкан кыздар. Кыргызстандык мигранттар уюштурган Москвадагы театр. (видео)

- Айыл чарба министрлиги сындан арылабы? Жогорку Кеңештин тармактык комитетинде фермерлер айыл чарба министрлигинин ишин сындап, бул мекемени адискөй эмес жетекчи башкарып жатканын айтышты. Алар дыйкандардын техникасы жок, илгеркидей кол менен иштеп жатышканын билдиришүүдө. Ал эми министрлик экспортту көбөйтүү, кайра иштетүү колго алынарын билдирип, олуттуу реформаларды убада кылып жатат. (видео)

- Казакстан: Арыста жабыр тарткандарды Шымкентке жеткиришти. (видео)

- Тбилисиде төрт күндөн бери нааразылык уланууда. (сүрөт баян)

- Эгиздер аянтка чогулду. Бишкекте өткөн эгиздердин фестивалына 200дөн ашык бала катышты. Фестиваль эгиз балдары бар үй-бүлөлөрдүн бир аянтчада жолугушуп, таанышуусуна, өз тажрыйбалары менен бөлүшүүсүнө мүмкүнчүлүк түзүү жана көп балалуу үй-бүлөлөрдүн кадырын көтөрүү максатында уюштурулган. (видео)

- Украинанын Конституциялык соту Раданы таратууну мыйзамсыз деп тапты. Талапкерлер шайлоого камданууда. (видео Директ)

- Мухтар Аблязов Казакстандагы соңку кырдаалдар тууралуу маек курду. (видео)​

- Зеленский көчө турганын жана президенттин администрациясындагы реформа тууралуу айтты. (видео Директ)

- Москвада борбор азиялык жана кавказдык юристтер мигранттарга бекер жардам берип жатышат. (Настоящее время)​

- «Бийлик сырлары». Азимбек Бекназаров: Раим Миллион – коррупциялык машиненин аскери. (Кыргызстандан видео)

- Борбор Азиядагы лидерлердин балдары кандай кызматтарда иштешет? (кеңири материал)

- «Алар Өзбекстанга кайтып келүүнү каалаган аялдардын чатырларын өрттөшкөн». Сирия лагериндеги аялдын окуясы.(Өзбекстандан видео)​

- Тажикстанда туристтерге бекер сим-карталар бериле баштады.(Тажикстандан видео)

- Тажикстанда сууга түшүү сезону ачылды, бирок балдар жана өспүрүмдөр үчүн тобокелдиктер бар. (Тажикстандан видео)

- Чоң спорттогу коррупция. (Настоящее время)

- Грузия менен Орусиянын мамилеси кандай өзгөрдү? (Настоящее время)

- Казак-орус чек арасында жүк ташуу унааларынын кезеги жаралды. (Казакстандан видео)

- Тажикстанда кан плазмасы кымбаттады. (Настоящее время)

- «Улуттун өкүлү катары мен үлгү болушум керек». Кыргызстандык трансгендердин окуясы. (видео Директ)​

- «Бул жакта полиция эч кимди кармабайт». Малавиден Казакстанга көз чаптыруу. (Казакстандан видео)

- Сахнанын ордуна саясат. Украин артисттеринин кимиси парламентке барат? (Настоящее время)

- Кайтаруудагы жаратылыш аймактарынын аянты боюнча лидерлер.(инфографика)

- «Байкеме өзүм чыгынып айта албайм». Кыргызстандык кумсанын окуясы. (видео Директ)

УРМАТТУУ КЕСИПТЕШТЕР! ТЕЛЕЖАҢЫЛЫК, КӨРСӨТҮҮ, САЙТ ҮЧҮН КӨЧҮРҮҮГӨ МҮМКҮН БОЛГОН, ЖЕТКИЛИКТҮҮ МИҢДЕГЕН АУДИО- ВИДЕОМАТЕРИАЛДАР МЕНЕН ТААНЫШЫП АЛЫҢЫЗДАР. АЙРЫМДАРЫНЫН ЛОГОТИБИ ЖОК.

XS
SM
MD
LG