Ссылки доступа

Улуу Британия Иран менен түзүлгөн өзөктүк келишимден баш тартышы мүмкүн


Jeremy Hunt

Улуу Британиянын тышкы иштер министри Жереми Хант Лондон Тегеран менен түзүлгөн өзөктүк келишимден баш тартышы мүмкүндүгүн билдирди.

Өлкөнүн премьер-министрлигине талапкер болуп жаткан Ханттын бул эскертүүсү Ирандын байытылган урандын запасын көбөйткөндүгүнө жооп болду.

Өз кезегинде АКШнын президенти Дональд Трамп Иран «от менен ойноп жатканын» билдирди.

Күн мурун Ирандын Fars маалымат агенттиги өлкөдө байытылган урандын запасы өзөктүк келишимде каралган чектен 300 килограммга ашып кеткенин жазган.

Атом энергиясы боюнча эл аралык агенттик Тегеран байытылган урандын запасын көбөйткөнүн ырастады.

XS
SM
MD
LG